Тапшыруучуларга

  • Published: Monday, 09 September 2019 11:13
  • Written by Edgor Rahmanov
  • Hits: 18

 

Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесине Кыргызстандын ар бир булун бурчунан сапаттуу билим алууну эңсеген окуучулар жана абитуриенттер тапшырышат. Кабыл алуу тартиби Сиз тандаган окуу жайдын түрүнө карата айырмаланып турат.

2017-жылдын 5-апрелинен тартып Республиканын бардык облустарында Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин лицейлерине  6-класстын окуучуларын  кабыл алуу сынагы башталат. Аталган сынак 2 баскыч менен жүргүзүлөт.

I баскыч: Сынактын 1-туру тийиштүү шаар жана райондордо уюштурулуп, 6-класстын программасынын негизинде даярдалган суроо китепчесинде 75 суроо берилет, суроолор кыргыз/орус тилдүү класстарга жараша түзүлөт жана төмөндөгү предметтерди камтыйт:

Математика – 40 суроо

Кыргыз тили, Орус тили – 20 суроо

Тарых – 5 суроо

География – 5 суроо

Биология – 5 суроо

Сынак учурунда катышуучу окуучуларга атайын жооп баракчасы таратылып берилет. Сынакта жооп баракчасы карандаш менен толтурулат, өчүргүч (резина) колдонууга уруксат берилет. Сынакта 3 туура эмес жооп 1 туура жоопту жоюп коет.

Биринчи турдун жыйынтыгы менен кабыл алуу комиссиясы тарабынан белгиленген (чектелген балл) баллдан жогору алган окуучулар сынактын экинчи баскычына чакырылат.

II баскыч: Сынактын 2-туруна өткөн окуучулар математика жана логикадан 25 суроодон турган (математика – 15 суроо, логика – 10 суроо) тапшырманы аткарышат. Сынактын жалпы мөөнөтү – 60 мин.

Сынактын биринчи жана экинчи баскычынын жыйынтыгынын орточо баллына жараша окуучу “Сапат” лицейлеринде окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.